Ханчжоудо G20 тобунун саммити башталды

© REUTERS / DAMIR SAGOLJКытайдын Ханчжоу шаарында G20 саммити башталыш аземи
Кытайдын Ханчжоу шаарында G20 саммити башталыш аземи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун биринчи жумушчу жыйынында дүйнөдөгү макроэкономикалык абал талкууланат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кытайдын Ханчжоу шаарында G20 саммити башталгандыгы тууралуу РИА Новости жазды. 

Белгилей кетсек, аталган саммиттин негизги максаты кызматташтыктын негизинде дүйнөлүк күчтүү экономиканы түзүү болуп эсептелет.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин "Чоң жыйырма" талкууланган маселелерди реалдуу иштей турган механизмге айландыруу керек экенин белгиледи.

"Биз ачык дүйнөлүк экономиканы түзүп баштоо менен соода сатык жана инвестиция тармактарына жеңилдиктерди берүүнү улантышыбыз керек", — деп билдирди Кытай элинин башчысы.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин ишемби күнү Түркиянын президенти Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Кытай менен Түркия терроризм жаатындагы кызматташууну бекемдөө максатында
G20 өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү жана ички дүң продукциясы 85 пайызды түзгөн дүйнө экономикасын бириктирип турат. 2013-жылы G20 тобун Россия жетектесе, 2014-жылы Австралия, 2015-жылы жетектөө милдети Түркияга өткөн.

Буга чейин Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей саммитке 19 өлкөнүн лидерлери менен Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүп жаткан. Ал белгилегендей жыйынга конок катары Испаниянын өкмөт башчысы, Сингапурдун премьер-министри жана Египет, Казакстан, Таиланд, Лаостун мамлекет башчылары чакырылган.

Форумдун биринчи жумушчу жыйынында дүйнөдөгү макроэкономикалык абал талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0