Атамбаев Евробиримдиктин өкүлү менен Баш мыйзамды талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууга Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре де Монтис да катышты.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алып, бир катар маселелерди талкуулаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буриан кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкекке 1916-жылдагы окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалдын ачылышына катышуу үчүн келген.

"Жолугушууда ар кыл жаатта жүргүзүлүп жаткан Кыргызстандагы реформалар, адам укугу боюнча маселелер, Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр, коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери жана эмдиги жылы болчу президенттин шайлоого даярдык талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Евробиримдиктин өкүлү бүгүн боло турган Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0