Ак-Ордо: Назарбаев Өзбекстанга баруу үчүн Кытайга болгон иш сапарын токтотпойт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКазахстан президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казахстан президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылмалар Назарбаев Өзбекстанга баруу үчүн Кытайга жасаган иш сапарын токтото турганын жазып чыккан. Ага чейин Reuters агенттиги Өзбекстандын лидери дүйнө салгандыгын билдирген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Казахстан президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстанга баруу үчүн Кытайга болгон иш сапарын токтотпойт. Бул туурасында Новости-Казахстан Ак-Ордонун маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди. 

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия премьери Каримовдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты
Буга чейин басылмалар казак президенти Өзбекстанга, кыязы, президент Ислам Каримовдун тажыясына барат деп жазган. Анткен менен өзбек лидеринин бул дүйнөдөн көчкөндүгү туурасында кабар ачыктала элек.

Анын оор абалда жаткандыгын Өзбекстандын өкмөтү кабарлаган.

Учурда Казакстан лидери 4-5 сентябрда болуучу G-20 саммитине катышуу үчүн Кытайдын Ханчжоу аймагында жүрөт. 

"Маалымат кызматы учурда Казакстан мамлекетинин башчысы G-20 саммитине катышуу үчүн жумушчу иш сапар менен Кытайда жүргөндүгүн кабарлайт. Президенттин иш сапарынын күн тартибин өзгөртүү боюнча планы жок", — деп билдирди маалымат кызматы.

Ал арада Каримовдун киндик кан тамган шаары Самаркандда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өлкөнүн жарандары жума күндөгү намаздан кийин кандайдыр бир кабар угууга кулак түрүп турган чагы. 

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Каримовдун дүйнө салгандыгы боюнча кабарларды жазып жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0