03:29 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
129 0 0

Кыргызстандын президенти 1916-жылда болгон Үркүндө каза болгондордун элесине арналган мемориалдын ачылышына катышты.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Айрым саясатчылардын абалды козутуу аракети ишке ашкан жок. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ата-Бейитте Үркүндө каза болгондордун элесине арналган мемориалдын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, учурда каргашалуу окуя иликтенип, көптөгөн документтер быйыл гана ачыкка чыккан. Бирок кээ бирлер алардын кыргыз элинин кызыкчылыгы менен төп келишпеген булактарын туура эмес максатта пайдаланып жатат.

"Саясий кызыкчылыктар үчүн тарыхты бурмалоого эч кимдин акысы жок. Айрым саясатчылардын кырдаалды козутуу аракетинен майнап чыкпай калды. Бул элибиздин даанышмандыгы менен алысты көрө билгенинен кабар берет", — деди Атамбаев.

Ата Бейитке колодон жасалган ири барельеф орнотулууда
© Sputnik / Эмиль Садыров , Акылбек Батырбеков
Эскерте кетсек, мемориал үчүн сынак 2013-жылы жарыяланган. Комплекстин курулушу президенттин атайын Жарлыгында каралган.

Мемориал бир нече элементтен турат: уук түрүндөгү үч ири стелланын үстүнө түндүк орнотулуп, андан жоготууну чагылдырган бош үзөңгү түшүп турат. Андан сырткары, 1916-жылдагы окуялардын көтөрүлүш, Үркүн, Ата мекенге кайтуу жана совет бийлигинин орношунан кийинки төрт этабын түшүндүргөн барельеф орнотулган.

Тема боюнча

Германиянын архивинен табылган кыргыздар жөнүндөгү документтин бет ачары болду
Белгилер:
стелла, Мемориал, Үркүн, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ