Атамбаев ЖККУнун башкы катчысы менен терроризм маселесин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Бордюжа 1916-жылы курман болгондордун урматына коюлган эстеликтин ачылуу аземине катышат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда уюмдун азыркы ишине байланышкан жана быйыл октябрь айында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеӊешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарына даярдыктардын жүрүшү тууралу маселелер талкууланды.

"Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге биргелешип каршы туруу пландарын, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындан аркы өз ара аракеттерди талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Бордюжа 1916-жылы курман болгондордун урматына коюлган эстеликтин ачылуу аземине катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0