Иса Өмүркулов Атамбаевдин сөзүнө түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социал-демократтын пикиринде өлкө башчы айрым бир саясатчыларды сынга алууга укуктуу.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президент Алмазбек Атамбаевдин Эгемендүүлүк салтанатында сүйлөгөн сөзүнө түшүндүрмө берди.

Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти
Шаршемби күнү "Ала-Тоо" аянтында сүйлөп жаткан президент элди куттуктап, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жалганчылыкка айыптады. Анын айтымында, 2010-жылы өткөн референдумда эл Роза Отунбаеваны президент катары шайлап жатканын билген эмес. 

Атамбаев өлкө стабилдүүлүккө Убактылуу өкмөт менен жаңы Конституциянын жардамысыз жеткенин белгиледи. Ал өткөөл мезгилде мамлекеттин башына турган айрым саясатчылар мародерчулук, банк ячейкаларын уурдоо боюнча жооп бере тургандыктарын айтты.

Өмүркулов президент жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан эмоционалдуу сөздөрүн айтканына токтолду.

"Өлкө башчы жалпы эл шайлаган президент катары айрым саясатчыларды сындоого укугу бар", — деди фракция лидери.

Эскерте кетсек, Атамбаев сүйлөп жаткан маалда экс-президент Роза Отунбаева сахнадан түшүп кеткен. Андан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү билдирүү таратып, 2010-жылы өкүм сүргөн оор кырдаалда жасалган ар бир аракет жана кадам үчүн жооп берүүгө даяр экендиктерин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0