Өмүрбек Бабанов: Жогорку Кеңеште койлор отурган жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү айрым депутаттарды түшүнбөй эле кыйкырып жатканын, ар бири добуш берүү учурунда позициясын көрсөтө турганын айтты.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Конституцияны өзгөртүү керек деген пикирин "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Ал айрымдар түшүнбөй эле кыйкырып жатышат деген ойдо. 

"Кай бирлер Конституция боюнча түшүнбөй эле кыйкырып жатышат. Шашпай турсак добуш берүүдө сунуш алдыбызга келет. Бул жерде койлор отурган жок. Ошондо өз пикириңиздерди көрсөтөсүңөр. Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек. Биз өткөн-кеткенди айтуу менен эч качан өнүкпөйбүз. Араңыздарда өкмөттү кайра-кайра кетирип, өнүкпөй жатканыбызга салым кошкондор бар. Андыктан өкмөттү жетектөөгө аттанган депутат мандатынан ажырабашы керек", — деди Бабанов.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш катар келген ири иш-чаралардан улам 12-сентябрга чейин тарады.

Жаңылыктар түрмөгү
0