Текебаев: парламенттин деңгээли мынча түшүп кеткен эмес, жетелеме болуп баратабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат парламент Кыргызстан элинин бирден бир таянычы экенин айтты.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн парламентте сүйлөгөн "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин кечээги 31-август эгемендүүлүк майрамы учурунда айткандары боюнча өзүнүн пикирин билдирип, парламентти жетелеме болбоого чакырды.

"Убактылуу өкмөт жана Отунбаеванын жасап кеткен эмгеги тарыхта калды, кечээ чекилик кетти деп эсептейм", — деди Текебаев.

Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти
31-августта эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап жатып президент Алмазбак Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккандарга пикирин айткан. Анда өлкө башчы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп, учурдагы Конституцияга бир катар "мина" коюлгандыгын, референдумга добуш бергендердин көпчүлүгү Роза Отунбаева президент болуп шайланып жаткандыгын билбегендигин билдирди.

Бүгүн Текебаев жалпы депутаттарга кайрылып, парламенттин деңгээли буга чейин мынчалык түшпөгөнүн белгилеп, жетелеме болбош керек деген пикирин айтты.

"Өлкө силерди карап турат. Кыргызстандын силерден башка ишене турган эч кимиси жок. Жетелеме болуп жатабыз. Парламенттин деңгээли мынча түшкөн эмес. Өлкөнүн тагдырын куруу биздин колдо, бул Конституцияда каралган. Өкмөт аппараты бизге көрсөтмө бербеши керек", — деди Текебаев.

Ал КСДП партиясына кайрылып, аны өздөрү эмес башкалар башкарып жатат деген пикирин айтты.

"КСДП мага жат партия эмес. Бирок учурда КСДПны анын жытын жыттабагандар, Акаев менен Бакивдин заманында иштегендер башкарып жатат. Өлкөнү туура жолго буралы", — деди Текебаев. 

Парламент учурда жарым сааттык танаписке чыгып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0