Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө жооп беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековУбактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаев
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылууда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылы кабыл алынган бардык чечимдерге жооп берүүгө даяр экендигин белгилейт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрүнө жооп катары атайын кайрылуу таратышты. 

Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти
Эске сала кетсек, бүгүн, 31-августта эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап жатып Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө каршы чыккандарга өз пикирин айткан. Анда өлкө башчы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп, учурдагы Конституцияга бир катар "мина" коюлгандыгын, референдумга добуш бергендердин көпчүлүгү Роза Отунбаева президент болуп шайланып жаткандыгын билбегендигин билдирди.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент чектен ашкан билдирүүлөрдү айтты деген пикирде. 

"2010-жылы Конституцияны кабыл алууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Ошол Конституциянын жардамы менен өлкөгө стабилдүүлүк жана тынчтык орногон. Биз экс-президент Роза Отунбаевага каршы айтылган сындарды жөнсүз деп билебиз", — деп айтылат маалыматта. 

Президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопко тартууга чакырды
Мындан сырткары, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевден кечирим суроону талап кыларын баса белгиленет.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен байланышканыбызда аталган кайрылуу Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Эмил Каптагаев, Исмаил Исаков, Болот Шер, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев жана өзү тарабынан жөнөтүлгөндүгүн билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0