БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыкты көрүү үчүн Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш сапар менен жөнөп кетти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолунун Тамчы айылынын аймагындагы курулушун көрөт. Андан сырткары, Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдык менен таанышат.
Аталган ат майдандын курулушу аяктап, учурда анын айлана-тегерегин жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.
Буга чейин транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров Балыкчы — Корумду унаа жолунун "Тамчы" аэропортунан баштап Чолпон-Ата шаарына чейинки жолду оңдоо иштери 28-августта жыйынтыкталарын билдирген.
Ал эми II Дүйнөлүк көчмөндөр Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт.