Президенттик шайлоого бюджеттен 400 млн. сом каралды

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участногунда добуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Шайлоо участногунда добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жылдын күз айларына белгиленген.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Президенттик шайлоо өткөрүүгө 400 миллион сом бөлүнө турганын каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөт жыйынында билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн 2017-жылга бюджеттин долбоору жана 2018-2019-жылдарга карата божомол каралып жатат.

"Президенттик шайлоо өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 260 миллион, Мамлекеттик каттоо кызматына 140 миллион сом бөлүнөт", — деди Касымалиев.

Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жылдын күз айларына белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0