Атамбаев муфтий Токтомушев жана Чубак Жалилов баштаган аалымдарды кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев баштаган диний аалымдарды кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев баштаган диний аалымдарды кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы акыркы учурларда диний темадагы талкуулар өтө активдешкен өңүт алып бара жатканын айтты.

БИШКЕК, 15-авг.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев баштаган диний аалымдарды кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Президент менен муфтийден тышкары, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, кеңештин мүчөлөрү Чубак Жалилов жана "Ыйман" фондусунун башкармалар кеңешинин төрагасы Нуржигит Кадырбеков жолукту.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев баштаган диний аалымдарды кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев баштаган диний аалымдарды кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев баштаган диний аалымдарды кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал, мамлекет менен диний лидерлердин экстремизмге жана радикалдашууга каршы иш-чараларды координациялоосуу талкууланды.
Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал, мамлекет менен диний лидерлердин экстремизмге жана радикалдашууга каршы иш-чараларды координациялоосуу талкууланды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал, мамлекет менен диний лидерлердин экстремизмге жана радикалдашууга каршы иш-чараларды координациялоосуу талкууланды.
1/2
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн муфтийи Максат ажы Токтомушев баштаган диний аалымдарды кабыл алды
2/2
Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал, мамлекет менен диний лидерлердин экстремизмге жана радикалдашууга каршы иш-чараларды координациялоосуу талкууланды.

Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал, мамлекет менен диний лидерлердин экстремизмге жана радикалдашууга каршы иш-чараларды координациялоосуу талкууланды. 

Атамбаев акыркы учурларда диний темадагы талкуулар өтө активдешкен өңүт алып бара жатканын айтты.

"Бул абалды экстремисттер менен радикалдар күчөтүп жатат. Дүйнөдөгү акыркы тенденцияны эске алсак, биз радикалдашуу кооптуулугуна каршы туруп, мамлекеттик светтик мүнөзүн бекем карманышыбыз керек", — деди президент.

Өлкө башчы менен жолуккандар бир катар күчтөр берилген эркиндиктен пайдаланып, ыңгайы келе калса эле башка жарандардын көз карашын эске албай, диний жааттагы абалды курчутууга аракет жасап жатышат деген пикирлерин билдирди.

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берди
Чубак Жалилов дин тутуу боюнча Кыргызстанда эч качан бүгүнкүдөй жакшы шарттар түзүлбөгөнүн, динге ишенгендер элдин биримдигин колдошу керектигин айтты. 

Абдышүкүр Нарматов ислам дүйнөсү өлкөдөгү коопсуздукту бекемдөө жана жаштарды нравалык жактан тарбиялоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Өлкөнүн муфтийи Токтомушев мамлекет башчысы менен көзмө-көз көрүшүп сүйлөшкөн бул мүмкүнчүлүктү жогору баалай турганын айтты. Бул жарандар туруктуу жана гүлдөгөн өлкөдө жашашы үчүн пайда болгон көйгөйлөрдү биргелешип чечүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи.

Атамбаев ислам — боорукердик менен билимдин, өнүгүүнүн дини экендигине токтолду.

"Адилеттүү коомчулукту курууга умтулуу, калктын аялуу катмарына кам көрүү — биздин мамлекеттин алдына койгон милдети. Бул жактан алып караганда мамлекет менен диндин максаты төп келет", — деди Атамбаев.

Президент Кыргызстан жетишкен диний эркиндикти баалаш керектигин, биргелешип руханий жактан тарбиялоодогу кемчиликтерди жоюп, улуттук баалуулуктарды жана ислам боюнча агартуучулукту коргоо зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0