Текебаевдин президенттикке барар-барбасы арсар

Жазылуу
Аткаруу бийлигин күчтөнтүү демилгеси туура болгону менен Текебаев сунушталып жаткан өзгөртүүлөр премьер-министрдин бийлигин ашкере күчтөндүрүп жиберет деген оюн айтты.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышар-катышпастыгын ойлоно элек. Бул тууралуу ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө арналган маалымат жыйында билдирди.

Депутат учурда Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жаткандарга кошулбай турганын айтып, мындай аракет жакшы жолго алып барбайт деген ойдо.

"Азыркы Конституцияга мина эмес, бомба коюлган. Референдум өткөрүүгө азырынча эрте", — деди ал.

Текебаев өз сөзүндө президенттик шайлоого баруу боюнча ойлоно электигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, июль айынын соңунда КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышкан. Авторлордун айтымында, Баш мыйзамга 30га чукул өзгөртүү киргизилет. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов демилге Конституциянын кемтик жерлерин толуктоого багытталарын айтып, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0