Баратбек Сыдыкназаров Кара-Буура районунун акими болуп шайланды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПортфель. Архивное фото
Портфель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баратбек Сыдыкназаров райондук кеңештеги 131 депутаттын ичинен 96 добуш алып, суурулуп чыккан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Баратбек Сыдыкназаров Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун акими болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 9-августта кол койду.

Буга чейин аталган кызматка үч талапкер, Баратбек Сыдыкназаров, Закир Мадалбеков жана Бакыт Анарбековдор аттанышкан.

Баратбек Сыдыкназаров райондук кеңештеги 131 депутаттын ичинен 96 добуш алып, суурулуп чыккан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0