Сот жыйындарындагы тартипке эми приставдар көз салат

Жазылуу
Сот приставдары 15 жыл мурун эле иштей башташы керек болчу, бирок бюджеттеги каражаттын тартыштыгынан улам бул мыйзам ишке ашпай келген.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев сот приставдарын ишке киргизүү боюнча мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамда ал соттордун кадыр-баркын бекемдөө жана аларга карата зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу максатында иштелип чыкканы көрсөтүлгөн.

Мында кылмыш жаза кодексинин 270-беренесине ылайык, приставдар 2001-жылдан тарта иштемек экени, бирок бюджеттеги акчанын тартыштыгынан улам мыйзам ишке ашпай келгени айтылат.

"Норма ушу кезге чейин актуалдуулугун жогото элек. Анткени 2005-жылы жергиликтүү сот жана Жогорку соттун имаратын басып алган окуялар судья, адвокат, күбө жана процесстин башка катышуучуларынын соттолуп жаткандар менен жабырлануучулардын тарапташтарынан коргоого алынбаганын көрсөттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Сот приставдары республикалык бюджеттен каржыланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0