Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы менен диний кырдаалды талкуулады

Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Архив
Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда президент Коргоо кеңеши тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуу учурунда Темир Жумакадыров Коргоо кеңеши тарабынан жасалып жаткан иштер жана антитеррористтик аракеттер тууралуу маалымат берди. 

"Коргоо кеңешинин катчысы реформалар, коррупциянын жоюлушу жана күч органдарына элдин ишенимин арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди", — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев диний кырдаал боюнча тенденцияны өнүктүрүү керектигин айтып, бир катар тапшырмаларды койду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0