Президент "Атамбаев — түрк чалгынынын агенти" деген видео тууралуу айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы аталган видеону Бакиевдер жасаган деген ойдо.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өлкө башчы маалымат жыйын учурунда "Атамбаев — түрк чалгынынын агенти" деген видео тууралуу пикир айтты. 

Эске сала кетсек, буга чейин жогорудагы аталыштагы видео интернет булактарына тарап кеткен. 

"Мен Бакиевдердин видеолорун көрбөйм. Ага убакытым да жок. Мунун баары Белоруссиядан жасалууда", — деди Атамбаев. 

Ал Бакиев уюштурган ооз ачаарга барган кыргыздарды жана Бакиев үчүн ырдаган ырчыларды сындады. 

Өлкө башчы Атамбаевдин маалымат жыйын учурундагы референдум, дин жана Түркия тууралуу айткандарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0