Франциянын президенти Франсуа Олланд КРге расмий сапары менен келүүгө кызыкдар

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Франциядагы толук ыйгарымдуу элчиси Асеин Исаев Франциянын президенти Франсуа Олландга 26-июлда ишеним грамотасын тапшыруу учурунда
Кыргызстандын Франциядагы толук ыйгарымдуу элчиси Асеин Исаев Франциянын президенти Франсуа Олландга 26-июлда ишеним грамотасын тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциялык компаниялар Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестиция салууга даяр.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Франциядагы толук ыйгарымдуу элчиси Асеин Исаев Франциянын президенти Франсуа Олландга 26-июлда ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш чара өлкө башчысынын расмий резиденциясы Елисей сарайында өткөн.

Элчи ошондой эле Олландды сентябрь айында боло турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ардактуу конок болуп кетүүгө чакырган.

"Франциянын президенти Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келүүгө ниети бар экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Почетная встреча Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель президентом КР Алмазбеком Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Меркель: Кыргызстанга көрсөтүлө турган колдоо боюнча сүйлөшсөм дейм
Олланд андан сырткары Кыргызстан демократиялык өлкөнүн үлгүсү экенин айтып, Атамбаев аталган аймакта салмактуу роль ойной турганын билдирген. Ошондой эле, франциялык компаниялар Кыргызстанда биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга жана инвестиция салууга кызыкдар экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, июль айынын башында Германиянын канцлери Ангела Меркель дагы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0