Премьер Жээнбеков Таласта облусунда иш сапар менен жүрөт

Жазылуу
Өкмөт башчы облустагы бир катар объектилердин курулушу менен таанышат. Мындан сырткары казак-кыргыз чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайына барат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы бир күндүк иш сапарында алгач, Тараз-Талас жолунун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тайлак Баатырдын күмбөзү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Нарындын жолдорун текшерип, Тайлак баатырдын күмбөзүнө барат
Сапардын алкагында шаардагы ветеринардык дарт аныктоо боюнча аймактык борбордун абалы менен таанышат. Андан сырткары казак-кыргыз чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайына барат, Кара-Буура районундагы "Сарымсак" каналынын калыбына келтирүү иштерин көрөт.

Иш-сапардын соңунда облустук драма театрынын курулушун текшерет.

Жаңылыктар түрмөгү
0