Атамбаев БШК жетекчисине президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев и председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова. Архивное фото
Президент Алмазбек Атамбаев и председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы шайлоонун тагдыры элдин гана колунда экенин баары билиши керек деген ойдо.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. 

"Шайлоодо ачык жана атаандаштык шарттар түзүлүп, заманбап технологияларды пайдалануу менен аны ачык-айкын, адилеттүү өткөрүү зарыл. Шайлоонун тагдыры элдин гана колунда экенин баары билишсин", — деди Атамбаев.

Мындан сырткары президент БШКнын жаӊы курамынын алдында 2017-жылдагы президенттик шайлоону адилет жана ачык өткөрүү милдети турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0