ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгын маалымат кызматынын экс-жетекчиси башкарат

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨзгөчө кырдаалдыр министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов. Архив
Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов кол койду.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов аталган министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызыматы кабарлады.

15-июлдагы коллегияда ӨКМдин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын башчыларын алмаштыруу чечими кабыл алынган.  

"Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Абдышарип Бекилов, ал эми  Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп аталган министрликтин карамагында жүргөн майор Кыялбек Курганбаев дайындалды", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Бекилов ӨКМдин маалымат кызматында 10 жылдан бери иштеген. 2012-жылдан тарта аны жетектеп келген.

Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жуналистика факультетин аяктаган, кесиби боюнча журналист.

Жаңылыктар түрмөгү
0