Атамбаев Меркелди туулган күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КРМамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда. Архив
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Германиянын ортосунда жетишилген келишимдер эки тараптуу өнүгүүгө салым кошоруна ишенерин белгилеген.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июлда Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Сиздин Кыргызстанга жакында эле келип кеткениңизди жана болгон сүйлөшүүлөрдү жылуу эстеп жатам. Сиздин сапарыңыз кыргыз-немис мамилеси үчүн абдан маанилүү жана аны өнүгүүнүн жаңы этабына чыгарат. Ошондой эле биздин мамлекет тандаган демократиялык өнүгүү жолун колдоо болуп саналат", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Кош келиңиз, Ангела Меркель айым! деп жазылган баннер - Sputnik Кыргызстан
Ангела Меркелдин Instagram баракчасына Кыргызстан тууралуу сүрөттөрү жарыяланды
Ал ошондой эле эки тараптуу өнүгүүнүн келечеги, аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча ачык жана маңыздуу ойлордун алмашуусу болгонуна канааттанганын билдирген.

Өлкө башчысы Германиянын канцлерине чың ден соолук, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалаган. Германиянын тарыхында канцлер болгон алгачкы аял Меркель быйыл 62 жашка чыкты.

Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0