Чүй облустук милициянын башчысы өз каалоосу менен кызматтан кетти

© SputnikСнимок с сайта ГУВД Чуйской области, на фото Капар Батырканов
Снимок с сайта ГУВД Чуйской области, на фото Капар Батырканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Батырканов ишиндеги олуттуу кемчиликтери үчүн иштен алынды деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Капар Батырканов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул туурасында аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев укук коргоо органдарынын системасын реформалоочу чечимге кол койду
Жума күнү ИИМдин маалымат кызматы коллегиянын жыйынтыгы менен ыкчам-кызматтык иштериндеги олуттуу кемчиликтери үчүн бир катар бөлүктөрдүн жетекчилери, анын ичинен Батыркановдун да иштен алынгандыгын кабарлаган.

Бүгүн ИИМден Батырканов кызматтан өз каалоосу менен кетти деп билдиришти.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы ал ишинен өз каалоосу менен кеткендигин маалымдады.

ИИББдин маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында Чүй облустук милициянын иши жакшы бааланып, мыкты үчтүктүн бирине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0