Президент Атамбаев Эрдоганды колдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдоду деп билдирди мамлекет башчынын маалымат кызматы.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президентке Түркиядагы абалга байланыштуу ал жактын аймагындагы кыргызстандык жарандардын коопсуздугу жана бул боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Анкара, Стамбул жана Бишкек шаарларында атайын байланыш телефондору ачылгандыгын кабарлады.

Маалымат берүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ТИМи Анкара, Стамбулдагы жарандар үчүн атайын телефон линияларын ачты
Жолугушуу учурунда мамлекет башчысына Түркиядагы абал, бийликти басып алуу боюнча бир катар тараптардын аскердик төңкөрүш жасоо аракеттери болгону тууралуу маалымат берилди.

Атамбаев Кыргызстан Түркиянын мыйзамдуу шайланган бийлик органын колдой тургандыгын билдирди. "Кыргызстан демократиялуу жол менен эркин шайлоолор аркылуу шайланган өлкө жетекчисин бийликтен кулатуу үчүн аскердик күчтү пайдалануу орунсуз деп эсептээрин айтты", — деп билдирилген таратылган маалыматта.

Атамбаев түркия элинин акылмандуулугуна ишенээрин айтып, алар конституциялык түзүмгө кооптуулук жараткан учурларга каршы тура аларын айтты.

"Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана эки элди тарыхый тамыр, боордоштук байланыштырып турат. Биз түркия элинин айкылмандуулугуна ишенебиз. Алар конституциялык түзүмгө кооптуулук жараткан учурларга каршы тура алат жана адам укуктары менен эркиндигин сыйлат. Кыргызстан эли Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдойт жана өлкөдө тынчтыкты, мыйзамдуулукту, тартипти тезирээк орнотууга чакырат",— деп айткан Атамбаев.

Автомобили скорой помощи рядом с президентским дворцом в районе Бештепе в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Эрдогандын Анкарадагы резиденциясына бомба ташташты, жарадарлар бар
Жума күнү кечинде Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым NTV каналына телефон аркылуу өлкөдө аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун билдирген. Анын айтымында, аскерий адамдардан турган топ "жоопкерчиликсиз мыйзамга каршы келген аракеттерди" жасоого аракет кылышкан. Башкы штаб бийлик мындан ары өзүнүн милдеттерин аткара албай калганын кабарлаган билдирүү таратты. Түркиянын президенти Тайып Эрдоган козголоңчуларды жазалоого убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0