Меркель: Кыргызстанга көрсөтүлө турган колдоо боюнча сүйлөшсөм дейм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПочетная встреча Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель президентом КР Алмазбеком Атамбаевым
Почетная встреча Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель президентом КР Алмазбеком Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын канцлери Кыргызстанга биринчи ирет расмий иш сапары менен келип жатат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан Германия канцлери Ангела Меркель анын өлкөсү көрсөтө турган жардам боюнча сүйлөшкүсү келгенин айтты. 

Меркель Кыргызстан экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандыгын белгиледи.

"Мен жай отуруп алып жакшы келечекти камсыз кылуу үчүн кандай жардам бере ала турганыбызды сүйлөшкүм келет",— деп айтты Меркель.

13-14-июлда Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель КР президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга алгачкы расмий иш сапары менен келди. 

"Иш сапарга өзгөчө маани беребиз. Бул канцлердин биринчи иш сапары жана ал көз карандысыздыктын 25 жылдынан кийин болуп жатат. Сиздин сапарыңыз эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөт деп ишенем. Бул биз тандап алган демократиялык өнүгүү жолуна жасалган колдоо деп эсептейм", — деди Атамбаев. 

Эки тараптуу жолугушуу жабык түрдө уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0