Кыргыз аткаминерлер менен дипломаттар Сербия, Кувйетке визасыз уча алышат

Жазылуу
Аталган өлкөлөрдүн дипломаттык жана кызматтык паспортко ээ кызматкерлери Кыргызстанда визасыз 90 күн жүрө алышат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт жана Сербия мамлекеттеринин дипломаттык жана кызматтык паспортко ээ кызматкерлери үчүн визасыз режимди киргизүү тууралуу эки келишимди ратификациялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков жаңы элчиге Өзбекстан менен алаканы өнүктүрүү милдетин такты
Эки өлкөнүн өкмөттөрү өткөн жылдын декабрь айында келишимдерге кол коюшкан. Документте дипломаттык жана кызматтык паспорттун ээлери аталган өлкөлөргө сапар тартканда виза талап кылбай турганы көрсөтүлгөн. Өлкөлөр ичинде визасыз жүрүү мөөнөтү 90 күнгө созулат.

Президенттин маалымат кызматы, келишимдердин ратификацияланышы өлкөлөр арасындагы мамиленин өнүгүшүнө шарт түзөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0