Эртең Кыргызстан элдер Ассамблеясында шайлоо болот

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан адам. Архив
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын катышуучулары Ассамблеянын 2016-2020-жылдардагы өнүгүү концепциясын талкуулашмакчы.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасынын орун басарларына жана президиумуна шайлоо эртең болот. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Алар бул маалыматты Ассамблея жетекчиси Токон Мамытовго таянып билдирди. 

"Эртең Кыргызстан элдер ассамблеясынын 12-июлда өтө турчу жыйынында ассамблеянын төрагасынын орун басарларына жана президиумуна шайлоо болот", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары жыйындын катышуучулары Ассамблеянын 2016-2020-жылдардагы өнүгүү концепциясын талкуулашмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0