Кыргызстанга Германиянын канцлери Ангела Меркель келет

© Пресс-служба президента КРКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Германиянын канцлери Ангела Меркель. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Германиянын канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен Меркель Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун абалы жана аны өнүктүрүү маселелерин талкуулашары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Кыргызстанга президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Германиянын канцлери Ангела Меркель келет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде жашап кеткен немис ишкерлер Кыргызстанда бизнес кылууга кызыгат
Ага ылайык, расмий сапар 13-14-июлга белгиленген. Мында Атамбаев жана Меркель Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун абалы, аны өнүктүрүү маселелерин талкуулашары күтүлүүдө. Мындан тышкары, лидерлер эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышмакчы.

Жолугушуунун соңунда Атамбаев менен Меркель биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.

Расмий сапардын алкагында Меркелдин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугары да күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0