Мамлекеттик органдардын ишин Эсеп палатасы текшермей болду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМужчина держит ручку во время пресс-конференции. Архивное фото
Мужчина держит ручку во время пресс-конференции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо кеңешинин жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардагы текшерүүнүн баш аламандыгы белгиленген.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо иш-чараларынын негизинде эми жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын ишин Эсеп палатасы текшермей болгонун Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө отурумда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардагы текшерүүнүн баш аламандыгы белгиленгенин айтты. 

"Мисалы бир катар айыл өкмөттөрдө ондогон текшерүү бар экен. Андыктан мамлекеттик органдарды же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жалаң гана Эсеп палатасы аркылуу текшерүү жүргүзүүнү сунуштап жатабыз", — деди ал. 

ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин академиясы министрликтин курамынан чыгарылат
Жумакадыров бул жерде Эсеп палатасынын ишин толугу менен кайра карап чыгып, аудитор менен инспекторлордун жоопкерчилигин жогорулатып, бул тармакта дагы чоң иш алып баруу зарылдыгын айтты.

Ал ошондой эле реформалардын ишке ашырылышы менен бизнес менен экономика коргоо механизмине ээ болуп жатканын, андан сырткары, укук коргоо органдарынын системасындагы тең салмактуулук сакталарын баса белгилеп, бири-бирин кайталаган функциялардын баары кыскарып, ресурстарды багыттуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк болорун маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0