18:11 19 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
62 0 0

Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизүү пландалууда. Мыйзам долбоорун 17 депутат демилгелеген.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги депутаттардын тобу "Кумтөр кенине карата кылмыш жасаган кишилердин жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзам долбоорун демилгелешти.

Мыйзам долбооруна ылайык, “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө даярдоонун жана иш жүзүндө өздөштүрүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарды, ошондой эле кызматтык кылмыштарды жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. Мындай толуктоону КР Кылмыш жаза кодексине киргизүү пландалууда.

Мыйзам долбоорунун максаты "Кумтөр" алтын кенин иштетүүдө Кыргызстанга зыян келтирген кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинин шексиздигин камсыз кылуу эсептелет.

"Кумтөр" долбоору боюнча табылган жаңы жагдайлар Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдө жасалган кызматтык жана башка кылмыштардын фактыларын тергөөнүн зарылдыгы жөнүндө айгинелеп жатат", — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Мыйзам долбоорун 17 депутат демилгелеген. Алардын катарында Иса Өмүркулов, Дастан Жумабеков, Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Бабанов бар.

"Кумтөр" алтын кенинин акциясына Centerra Gold Inc. компаниясы 100 пайыз ээлик кылат. 2009-жылдагы макулдашууга ылайык, компания акциясынын 33 пайызы Кыргызстанга таандык. Centerra Gold Inc. Кыргызстан жана Монголияда жайгашкан эки алтын кендин ээси болуп саналат.

Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)

Тема боюнча

Премьер-министр Жээнбеков "Чжунхуан" кремний заводу менен таанышты
Белгилер:
мыйзам, депутат, Кумтөр, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ