Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңшетин жыйыны. Архив
Жогорку кеңшетин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атка минерлерди кызматка коюу боюнча Жарлыкка президент кечээ күнү кол койгон.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бүгүн, 30-июнда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү парламентте ант беришти. 

Эске сала кетсек, буга чейин талапкерлер депутаттар тарабынан колдоо таап, президент тиийштүү Жарлыкка кол койгон.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн дайындады
Ага ылайык, Чек ара иштери боюнча вице-премьерликке Жеңиш Разаков, Айыл чарба, азык-түлүк, өнөр жайын өнүктүрүү жана мелиорация министрлигине Турдуназир Бекбоев, Транспорт жана жол министрлигине Замирбек Айдаров дайындалды. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилигине Дүйшөнбек Зилалиев, Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчилигине Бакыт Шаршембиев келди. 

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөттүн түзүмдүк өзгөрүү боюнча киргизген сунушун жактырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0