Мүлк фондунун жетекчиси Кадыркулов кызматтан алынып, ордуна Мамбетжанов келди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыркулов буга чейин MegaCom соода маркасы менен белгилүү болгон "Альфа телеком" компаниясы сатылбаса кызматтан кетем деп айткан

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөт билдирди. 

Эске сала кетсек, Кадыркулов буга чейин MegaCom соода маркасы менен белгилүү болгон "Альфа телеком" компаниясы сатылбаса кызматтан кетем деп айтканы бар. Үч жума мурун жумуштан кетүү боюнча арыз жазып тапшырган.

Кадыркуловдун ордуна өкмөт башчынын жарлыгына ылайык Финансылык чалгын мамлекеттик кызматын башкарып келген Мэлис Мамбетжанов дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0