Атамбаев өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн дайындады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин парламент министрлер кабинетинин өзгөрүлгөн түзүмүнө жаңы жетекчилердин талапкерлигин жактырган.

БИШКЕК, 29-июн — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жарлыгы менен өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн дайындады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Шаршемби күнү парламент өкмөт башчы сунуштаган чек ара маселелери боюнча жана жаңы министрлер менен комитеттердин жетекчилеринин талапкерлигин бекиткен.

Президенттин Жарлыгы менен:

  • Жеңиш Разаков — чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр;
  • Замирбек Айдаров — Транспорт жана жолдор министри;
  • Турдуназир Бекбоев — Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
  • Дүйшөнбек Зилалиев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Бакыт Шаршембиев — Байланыш жана маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды.

Күч түзүмдөрү боюнча вице-премьерлик кызмат 2012-жылы пайда болуп, бирок, аны 2015-жылы кайрадан жоюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0