Жогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова өз каалоосу менен жумуштан кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова. Архив
Жогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Галина Скрипкина менен биргеликете ЕАЭБке сот болуп шайланган.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова өз каалоосу менен кызматтан алынды.

Аталган маселе бүгүн, 29-июнь күнү парламентте каралып, Ажибраимованы жумуштан алуу боюнча токтомго 87 депутат макул, 5 эл өкүлү каршы деген добуш беришти.

Айжамал Ажибраимова ЕАЭБдин соту болуп дайындалгандыктан өз ыктыяры менен жумуштан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0