Абдылдаев: форум жүрүшүндө Кыргызстан да бир катар сунуштарды айтат

© Sputnik / Расул УсеналиевКР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кытайдын Тяньцзинь шаарында "Жайкы Давос — 2016" дүйнөлүк экономикалык форуму өтүп жатат.

ТЯНЬЦЗИНЬ, 27-июн. — Sputnik. Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен болчу эки тараптуу жолугушууда эки мамлекеттин президенттеринин деңгээлинде жакында эле Ташкент шаарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жана инфраструктура, энергетикага байланыштуу долбоорлор караларын КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге билдирди. 

Премьер Жээнбековду Кытайдан кандай тосуп алышты - Sputnik Кыргызстан
Премьер Жээнбековду Кытайдан кандай тосуп алышты
Белгилей кетсек, учурда Кытайдын Тяньцзинь шаарында дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жатат. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргызстандын да делегациясы катышууда. 

Абдылдаев аталган иш-чарага Жээнбеков Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян жана Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Швабдын чакыруусу менен келгенин билдирип, форум дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн абдан жакшы аянтча экенин кошумчалады. 

"Кытай экономикасынын өнүгүшү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бул дүйнөгө жана жакынкы аймактарга сөзсүз түрдө таасир берет. Биз Кытай менен чектешебиз. Андыктан бул форум Кыргызстан үчүн да абдан маанилүү", — деди ал. 

Министр ошондой эле форумда Орто Азия жана Кытай мамлекеттери менен кызматташуу боюнча өзүбүздүн долбоорлорду дагы сунуштоого жакшы аянтча экенин баса белгиледи. 

Андан сырткары, форумда Улуу Жибек Жолунун экономикалык маселелери көтөрүлгөнүн, ал Кыргызстандын Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы программасына да тийиштүү экенин айтты. 

"Бул форумга бир гана өлкө башчылары эмес бизнестин өкүлдөрү, эксперттер да келишкен. Форумдун жыйынтыгында иштелип чыга турчу сунуштар бардык мамлекеттер үчүн жол картасындай эле мааниге ээ", — деди Абдылдаев. 

"Жайкы Давос" 2007-жылы негизделип, андан кийин жыл сайын уюштурулуп, быйыл 10-жолу өтүп жатат.

Быйылкы форум "Төртүнчү өнөр жай революциясы жана анын жаңылануу таасири" деген теманын алкагында өтүүдө.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти Клаус Шваб. Архив - Sputnik Кыргызстан
Клаус Шваб: дүйнө биргелешкен экономикалык күчкө муктаж
Экономикалык форумга 90 мамлекеттен өкүлдөр келген. Анын ичинен Кыргызстан, Корея жана Кытай мамлекеттеринин премьер-министрлери катышууда. 

Кыргызстандык делегациянын курамында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, КРдин Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, Бишкек шаар мэри Албек Ибраимов, КР өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0