Атамбаев Өзбекстанда ШКУнун саммитине катышып жатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын жетекчиси Ислам Каримов.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын жетекчиси Ислам Каримов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын алдында мамлекет башчылары эстелик үчүн сүрөткө түштү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышып жатат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алгач Өзбекстандын жетекчиси Ислам Каримов ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен учурашып, баары эстелик үчүн сүрөткө түштү. Андан кийин тар чөйрөдөгү жолугушууларга кирип кетишти. 

Андан ары жыйын кеңейтилген курамда уланат.

Президент Атамбаев аталган саммитке катышуу үчүн Ташкентке кечээ келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0