Атамбаев эки министрди кызматынан алды

Жазылуу
Эми бул чечимди Жогорку Кеңеш колдоп бериши шарт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров менен айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевди кызматтан алуу боюнча Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, министрлердин кызматтан алынышын Жогорку Кеңеш колдоп бергенге чейин Айдаров менен Бекбоев жетекчинин милдетин аткарып турушат. 

Жарлык кол койгондон тарта ишке ашат.

Эскерте кетсек, буга чейин парламент премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү сунушун колдоп берген. Ага ылайык, Транспорт министрлигинин коммуникация тармагы алып салынса, Айыл чарба министрлигине азык-түлүк өндүрүшүнө көзөмөл кылуу милдети кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0