Парламент БШКнын жаңы мүчөлөрүн шайлады

Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайланды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүн, 23-июнь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлады. 

Ага ылайык, төмөнкүлөр БШКнын мүчөсү болуп калышты:

  • Гүлнар Журабаева; 
  • Назарали Арипов;
  • Адилет Сатыгулов; 
  • Акылбек Эшимов; 
  • Кайрат Осмоналиев; 
  • Абдыжапар Бекматов; 
  • Елена Жылкычиева; 
  • Атыр Абдырахматова; 
  • Нуржан Шайдылдабекова;
  • Бактыяр Кадыров;
  • Гүлнар Баатырова;
  • Алмаз Асаналиев.

Жаңы мүчөлөргө ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков ийгилик каалап, шайлоолордо калыс жана адилет иштей тургандарына ишеним артты.

Эске сала кетсек, БШКнын 2011-жылы шайланган курамынын мөөнөтү бүткөндүктөн жаңы мүчөлөр шайланды. Мыйзамга ылайык, талапкерлердин үчтөн бирин президент, үчтөн бирин көпчүлүк коалициясы жана дагы үчтөн бирин оппозициялык азчылык көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0