Депутат: төрага, сиз сөз бербей койгонуңуз үчүн мен добуш бербей койдум

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жамалдинов Зиядин. Архив
Депутат Жамалдинов Зиядин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү спикер Чыныбай Турсунбековду фракция жана комитет жетекчилерине башкача мамиле кылып жатат деп айыптады.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Депутат Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып кечээ төрага сөз бербей койгону үчүн добуш бербей калганын айтты. 

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков менен Алтынбек Сулайманов сөз талашып айтыша кетишти
Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда Жамалидинов үч ирет тең добуш бербей отуруп алган. Регламент боюнча кайрадан добуш берүү болушу керек эле, бирок ачууланган спикер Жамалдиновдун добушун эске албай туруп эсептөө боюнча маселени добушка коюп, ал колдоо тапкан. Ошентип Жамалдинов добуш бербей калган. 

"Урматтуу төрага, сиз фракция жана комитет жетекчилерине башкача мамиле кылып жатасыз. 120 депутаттын бардыгынын бирдей укугу бар. Кечээ башка депутаттарга сөз берип мени сүйлөтпөй койдуңуз. Ошол үчүн добуш бербей койдум. Ал үчүн депутаттардан кечирим сурайм", — деди эл өкүлү. 

Ал мыйзам бузуу катталганын белгилеп, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттен текшерип чыгууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0