Мискенбаев: коюлган күнөө далилденсе, мандатымды тапшырууга даярмын

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Мээрбек Мискенбаев. Архив
Депутат Мээрбек Мискенбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Мээрбек Мискенбаев "Кыргыз көмүр" ишканасын сотко бергенин айтып, коррупция менен күрөшүү жакшы жүрбөй жатканына нааразы болду.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Депутат Мээрбек Мискенбаев ага жүйөөсүз күнөө койгондорду сотко берип, эгер алардын жалган жалаа жаап жатканын делилдей албаса мандатын тапшырууга даяр экенин парламент отурумунда билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин "Айкөл Ала-Тоо" коомдук фондусунун мурунку мүчөсү Марипа Алайкулова Мискенбаевди "Кыргыз көмүр" ишканасы тарабынан бөлүнгөн 2,3 миллион сомду жеке кызыкчылыгына жумшап койгон деп айыптаган. 

"Азыр ууруну кылмышкер деп көрсөтсөк, сени ууру деп күнөөлөп коет экен. Алар адамды өлтүрүп туруп, өзү өлдү деп коюшу толук мүмкүн. Мен "Кыргыз көмүр" ишканасынын коррупциялык схемаларын ачам деп чамынсам, мени коррупционер деп чыгышты. Мен алардын баарын сотко бердим. Курулай доомат экенин далилдей албасам мандатымды тапшырып, тынч жашоомду өткөрөм", — деди депутат. 

Ал өлкө боюнча паракорлук менен күрөшүп жаткан бардык күч структураларын парламентке чакырып, кылган иштери тууралуу маалымат алуу сунушун киргизди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0