Галина Скрипкина мандатын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Галина Скрипкина. Архив
Депутат Галина Скрипкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин ЕАЭБдин судьясы болуп шайланган.

БИШКЕК, 21-июн — Sputnik. КСДП фракциясынан депутат болуп келген Галина Скрипкина мандатын тапшырды. Бул тууралуу аталган фракциянын сайты кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган чечимди бүгүн, 21-июнь күнү карады.

"БШК Скрипкина тарабынан жазылган арыздын негизинде аны мандатынан ажыратты", — деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, Скрипкина өз ыктыяры менен арыз жазган. Анткени ал Евразиялык экономикалык биримдиктин судьясы болуп дайындалган.  

Жаңылыктар түрмөгү
0