"Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын курамына төраганы кошкондо үч киши кирет.

БИШКЕК, 20-июн — Sputnik. "Кыргызалтын" ачык акционерлер коомунун директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Кеңештин төрагасы премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Аскар Өскөмбаев болду. Ал эми мүчөлүккө Эмил Осмонбетов алгачкы жолу, ал эми Анвар Эстемесов кайра шайланды. Мурдагы төрага Дүйшөнбек Камчыбеков кызматтык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0