Атамбаев Ташкентте өтчү ШКУ саммитине бармай болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИш сапар менен келген Алмазбек Атамбаев самолеттон чыгып жатат. Архив
Иш сапар менен келген Алмазбек Атамбаев самолеттон чыгып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанга болчу иш сапар маселеси өлкө башчынын аталган жыйынга барбай калышы мүмкүн экенин айткандан кийин жаралган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саммит 23-24-июнга белгиленген. 

Өзбекстанга болчу иш сапар маселеси үстүбүздөгү жылдын март айында кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдайдан улам өлкө башчынын аталган жыйынга барбай калышы мүмкүн экенин айткандан кийин жаралган.

Президент Республики Казахстан Нурсултан Назарбаев выступает на пленарном заседании На пороге новой экономической реальности в рамках XX Петербургского международного экономического форума. - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев: июнда ШКУга Индия менен Пакистан кирет, кийинки кезек Иранда
Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият" көзөмөл өткөрүү жайын жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.

Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган. 

22-март күнү Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУ кеңешке чогулуп, чек арадагы абал менен деринен таанышуу үчүн башкы катчынын орун басары Ара Бадалян Бишкекке жөнөтүлгөн. 

ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу кайчы пикирлерди чечүү жолдорун издейт
Эртеси, 23-март күнү Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.

Мындан улам, Атамбаев Бишкек шаарындагы сквер түшчү аймак менен таанышып жатып, журналисттерге ШКУ жыйынына барбай калышы мүмкүн экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0