Назарбаев: июнда ШКУга Индия менен Пакистан кирет, кийинки кезек Иранда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПрезидент Республики Казахстан Нурсултан Назарбаев выступает на пленарном заседании "На пороге новой экономической реальности" в рамках XX Петербургского международного экономического форума.
Президент Республики Казахстан Нурсултан Назарбаев выступает на пленарном заседании На пороге новой экономической реальности в рамках XX Петербургского международного экономического форума. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан лидери Шанхай кызматташык уюму үч миллиард адамы бар ири күчкө айланаарын айтты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна июнь ичинде Индия менен Пакистан кирет, кийинки кезекте Иран деп айтты Петербургдагы экономикалык эл аралык форумда сүйлөп жатып.

"Бизде Евразиялык экономикалык биримдик, Шанхай кызматташтык уюму бар. Июндун ичинде биз Ташкентте ШКУнун кезектеги форумуна чогулуп, Индия менен Пакистанды кабыл алабыз. Кезекте Иран турат. Ошентип үч миллиард адамы бар бул уюм ири күчкө айланат. Мындай уюм менен кызматташпай коюуга болобу?" — деп суроо салган Назарбаев.

Абдылдаев ШКУнун ТИМ башчыларынын жыйынына катышты
Кезектеги саммит 2016-жылдын 23-24-июнь күндөрү Ташкентте өтөт. 

ШКУга учурда Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал эми Белоруссия, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Афганистан байкоочулук статусу менен катышып келет. 2015-жылдын июнь айында ШКУга Индия менен Пакистанды мүчөлүккө алуу иштери башталган. Уфа шаарындагы жыйында аталган уюмга төрагалык кылуу милдети Россиядан Өзбекстанга өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0