Кызматтык үйдү алуу сунушуна анда жашаган депутаттар кандай добуш беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековҮйдүн ачкычын кармап турган адамдар. Архив
Үйдүн ачкычын кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясы жазып чыккан мыйзам долбооруна ылайык депутаттар кызматтык батирден баш тартуусу керек.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кечээ, 15-июнь күнү депутаттардын кызматтык батирден баш тартуусу боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок.

Мыйзам долбоору "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаттарына таандык. Ага ылайык, депутаттардын кызматтык батири алынып, ижарага алган үйү үчүн компенсация төлөнбөйт. Эл өкүлдөрү автобустарда бекер жүрө албай, өлкө аймагына чыкканда унаа бөлүнбөйт. 

Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш буга чейин кызматтык унаалардан жана бирден жардамчыдан баш тартуу мыйзамын кабып алган.

Аталган мыйзам долбооруна 52 депутат "макул", 60 депутат "каршы" добуш берди.

Ал эми ЖКнын алтынчы чакырылышында 16 депутат кызматтык үй алган. Бешинчи чакырылыштын депутаттары Акылбек Султанбеков, Абдулатип Режавалиев жана Эсенгул Масаковдор бүгүнкү күнгө чейин кызматтык батирлерин бошотпой келет. 

"Мурунку чакырылыштагы депутаттар май айында батирлерин бошотуп беребиз деген. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин ошол үйлөрдө эле жашап келишет. Алардын жаңы салынып жаткан үйлөрү бүтпөй жатыптыр. Жакынкы күндөрү бошотуп беребиз деп убада берди", — деди ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги кызматтык батир алган депутаттардын тизмегин жана добуш берүүнүн жыйынтыгын сунуштайт:

Жаңылыктар түрмөгү
0