Ирина Карамушкинанын талапкерлигин КСДП БШКга сунуштады

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Ирина Карамушкина. Архив
Депутат Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карамушкина парламенттин өткөн бир нече чакырылыштарында депутат болгон.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстан социал демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы экс-депутат Ирина Карамушкинанын талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунуштады. Бул туурасында аталган фракциянын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматта анын талапкерлигин фракция кесиптик жактан даярдыгы, тажрыйбасынын жетиштүүлүгүнөн улам сунуштады деп айтылат. 

Карамушкина Жогорку Кеңештин IV-V чакырылышында депутаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0