БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлер кабыл алган маанилүү чечимдерин жарандарга милдеттүү түрдө маалымдап турушу зарыл. Аталган мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Жылдыз Мусабекова менен Жанар Акаев жазып чыгышты.
Акаевдин айтымында демилге жарандар арасындагы түшүнбөстүктөрдү жоюуга багытталган. Анткени мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер толук кандуу элге жетпей, кайчы пикирлерди жаратып келет.
"Эгерде мыйзам кабыл алынса жарандардын укуктук маданияты жогорулайт. Анткени мамлекеттик органдар жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кабыл алынган чечимдер элге жетип турат. Буга чейин маалыматтар туура эмес жеткендиктен же такыр эле жетпей калгандыктан түшүнбөстүктөр болуп, нааразычылык акциялары өтүп келген", — деди Акаев.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отурумунда каралып, добуш берүүгө жиберилген. Бул мыйзам долбооруна добуш берүү 15-июнь күнү болот.