Жаза аткаруу жаатында КР менен РФ ортосунда келишимге кол коюлду

© Фото / пресс-служба ГСИНЖаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси (ЖАМК) Алик Мамыркулов Россия жана Белоруссиядагы кесиптештери менен жолугуу учурунда
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси (ЖАМК) Алик Мамыркулов Россия жана Белоруссиядагы кесиптештери менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абактагыларды жумуш менен камсыздоо, тажрыйба алмашуу, кызматкерлердин билимин жогорулатуу жаатында биргеликте иш жүрөт.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси (ЖАМК) Алик Мамыркулов Россия жана Белоруссиядагы кесиптештери менен жолугуп, тажрыйба алмашты. Бул тууралуу ЖАМК билдирди.

Жолугушуулардын арты менен Россиянын жаза аткаруу федералдык кызматы жана КРдин ЖАМК 2016-2020-жылдары кызматташуу боюнча документке кол коюлду. 

Ага ылайык, абактагыларды жумуш менен камсыздоо, тажрыйба алмашуу, кызматкерлердин билимин жогорулатуу жаатында чогуу иш алып баруу макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0