Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Карим Масимов келди

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүКазакстандын премьер-министри Карим Масимов. Архив
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-сапардын алкагында Жээнбеков менен Масимов тар жана кеңири курамдагы жолугушуу өткөрөт.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Кыргызстанга келген Казакстандын премьер-министри Карим Масимовду "Манас" аэропортунан биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абулгазиев тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан жана Казахстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйыны бир күн эрте өтөт
Масимов Бишкекке КМШ премьер-министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Мындан тышкары, казак өкмөт башчысы бүгүн, 7-июнда өтө турган кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин алтынчы жыйынына катышат.

Жыйын алкагында Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен тар жана кеңири курамдагы жолугушуу өткөрөт.

Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, эки өлкөнүн өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү жасашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0