Бишкекте кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйыны бир күн эрте өтөт

Жазылуу
Жыйын соңу менен бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйыны бир күн эрте, 7-июнда өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйын алкагында Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен тар жана кеңири курамдагы жолугушуу өткөрөт.

Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, эки өлкөнүн өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү жасашат.

Буга чейин аталган жыйын 8-июнда өтөрү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0